19

Май

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын делегациясы Армения Республикасынын Ереван шаарында 2016-жылдын 19-20-майында өтүүчү Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралат.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышуу алкагында эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү