11

Август

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жетектеген делегация 2016-жылдын 11-12-августунда Россия Федерациясынын Сочи шаарында өтө турган Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат.

Жыйында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин кызматташтык маселелери каралат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуусунун алкагында эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө.

Делегациянын курамында:

Олег Панкратов - Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри;

Болот Отунбаев - Кыргыз Республикасынын   Россия Федерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси;

Азамат Сулайманов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Нурсулу Ахметова - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;

Усен Усупов -  Кыргыз Ресубликасынын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги өкүлү;

Эмиль Кайкиев – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Айбек Айдарбеков – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Алмаз Сазбаков – Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 

маалыматтык камсыздоо бөлүмү