24

Октябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку кеңештин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйына катышат

Премьер-министр башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүн, 24-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйына катышат.

Жыйында 2016-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат угулуп, «Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү «Кыргыз Республикасынын 2016-жылдагы бюджети жана 2017-2018 жылдарга божомолу» жана « Кыргыз Республикасынын 2017 жылга карата бюджети жана 2018-2019 жылдарга божомолу» тууралуу мыйзам долбоору каралат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү