11
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «CASA-1000» долбоорунун курулушунун расмий башталышына арналган аземге катышат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда, Тажикстан Республикасына эки күндүк жумушчу сапар менен жөнөп кетет.
Өкмөт башчы «CASA-1000» долбоорунун курулушунун расмий башталышына арналган аземге катышат, иш-чара Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун, Пакистан жана Афганистандын өкмөт башчыларынын катышуусунда өтөт.
Ошондой эле сапар алкагында Тажикстан Республикасынын жетекчилиги, Афганистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Абдулла Абдулла менен эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген. Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз-тажик жана кыргыз-афган кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечек багыттары талкууланат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү