21

Сентябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, күндүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү парламенттин жыйынына толук курамда катышып, чет жердеги эмгек мигранттарынын укугун коргоо, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, «Коопсуз шаар» долбjорун ишке ашыруу, чек ара маселелеринин чечилиши жана башка маселелер боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү