16

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү Валерий Корешковду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутумун жакшыртуу боюнча аткарылган иштер менен таанышуу максатында келген Евразиялык экономикалык комиссиянын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министри) Валерий Корешковду кабыл алды.

«ЕЭК активдүү позициясы Биримдик алкагындагы тоскоолдуктарды жоюуга жана товар, тейлөө, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин жылуусуна карай жаңы мүмкүндүктөрдү түзүүгө көмөктөшөөрүнө ишенем», - деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Буга катар Өкмөт башчы билдиргендей, кыргыз тарап өзүнө алган милдеттенмелерди толук аткарууга колдон келген аракетти жумшоодо.

ЕЭК техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегиянын мүчөсү Валерий Корешков Кыргыз Республикасындагы ветеринария тутумун жакшыруу процессиндеги  оң динамикага көңүл бурду.

«Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы ветеринардык лабораторияларды кыдырууда, мен андагы жаңы жабдууларды көрүп, ветеринардык лабораторияларды модернизациялоонун болжолдуу жыйынтыгы канааттандырды», - деди Валерий Корешков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги ветеринардык көзөмөлдү жокко чыгаруу маселесин кароодо  ЕЭК позициясынын маанилүүлүгүн жана  бул багытта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин  бирдиктүү жана тыгыз кызматташуусун белгиледи.

[su_carousel source="media: 86818,86819,86820,86821"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү