27
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Юстиция министри Уран Ахметовду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 27-декабрда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметовду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчыга ведомство ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берилди.
Тактап айтканда, Уран Ахметов министрлик тараптан ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо, мыйзам чыгаруу пландары жана 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди.
Ошондой эле ал маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2016-жылдын 20-декабрында кол коюлган «Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык көмөк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында мамлекет тараптан кепилденген кесипкөй юридикалык көмөккө жеткиликтүү жактардын чөйрөсү кеңейтилген.
Буга байланыштуу учурда жогорку Мыйзамды ишке ашыруу максатында мамлекет тараптан кепилденген юридикалык көмөктү коррдинациялоо боюнча Юстиция министрлигинин борборун түзүү боюнча иштер жүрүүдө.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков нормативдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо, нотариат жана адвокатура тутумун өркүндөтүү боюнча ведомствонун ишин активдештирүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 87625,87626,87627"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү