02

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Индиянын Кыргызстандагы элчиси Джаянт Кхобрагадени кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Джаянт Кхобрагадени анын элчилик миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Өкмөт башчы Элчиге Кыргыз Республикасындагы кыргыз-индия мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган ийгиликтүү жана активдүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин өлкөдө иштеген мезгилиңизде Сиз Кыргызстан эли менен чыныгы достук мамиле түзө алдыңыз жана биз өз кезегинде сиз менен достук жылуу мамиледе болдук. Сиздин иш-аракетиңизге жараша эки тараптуу кызматташтык динамикалуу өнүгүүгө ээ болгондугун белгилеп кетким келет. Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоо процессине маанилүү салым коштуңуз», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы канагаттануу менен белгилегендей, Элчи Джаянт Кхобрагаденин жеке көмөктөшүүсүндө бир катар маанилүү маданий иш-чаралар өткөрүлгөн.

Индиянын Кыргызстандагы элчиси Джаянт Кхобрагаде ошондой эле Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго биргелешкен жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Ал анын ишмердүүлүгү учурунда ишке ашырылган ири долбоорлорду белгиледи.

Джаянт Кхобрагаде маалымдагандай, өлкөдө онкологиялык оорулуулар тушугуп жаткан көйгөйлөрдү иликтеп чыгып, наркы 2 млн АКШ долларына жакын эсептелген «Bhabhatron» медициналык жабдууну оорулууларды дарылоо максатында өткөрүп берүү маселеси демилгеленген. Ошондой эле Н. Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин базасында Кыргыз-Индия Маалыматтык Технологиялар Борборун модернизациялоо тууралуу келишимге кол коюлган.

Джаянт Кхобрагаде белгилегендей, Кыргызстан — Борбор Азиядагы парламенттик тутум боюнча өнүгүп жаткан жалгыз мамлекет.

«Биздин байкоочулар Кыргызстандагы шайлоо процессине катышып, заманбап технологиялардын – шайлоочулардын биометрикалык маалыматын жана добуш эсептөөдөгү автоматтык тутумду пайдаланууга күбө болушту. Белгилей кетчү нерсе, Кыргызстандагы шайлоо процесси ачык-айкын өттү, бул демократиянын белгиси», - деди ал.

Кыргызстандагы Индиянын Элчиси эки тараптуу мамилелердеги оңдуу көрүнүштөрдү тизмектөөдө, акыркы жылдары Кыргызстандын ЖОЖдорунда окуган студенттердин жана туристтердин саны жогорулап жаткандыгын кошумчалады.

«Бул 2015-жылдын февраль айында «Эйр Манас» авиакомпаниясы тараптан Кыргызстан жана Индия аралык «Бишкек-Дели-Бишкек» багыты боюнча түз авиакаттамдардын ачылышына жараша орун алууда», - деп белгиледи Джаянт Кхобрагаде.

Ошондой эле ал индия кинематографисттеринин Кыргызстан аймагында кино тартууга карата кызыкдарлыгын билдирди.

Жолугушууда ошондой эле эки тараптуу өз-ара аракеттешүүнүн ар-кыл тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү тууралуу пикир алышуу орун алды.

[su_carousel source="media: 89290,89289,89288,89287" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89287,89288,89289,89290"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү