06
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мэлис Мамбетжановду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мэлис Мамбетжановду кабыл алды.
Өкмөт башчы жаңы дайындалган жетекчиге Маммүлктү башкаруу фондунун ишине тийиштүү Өкмөттүн буйруктарын ишке ашырууну тездетүүсүн тапшырды.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, ведомство алдында турган маанилүү милдеттердин бири Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик менчикти инвентаризациялоо процессин тездетүү боюнча токтомуна ылайык, мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо болуп саналат. Буга катар Өкмөт башчы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга багытталган чараларды ишке ашыруу маселесине өзгөчө басым жасап, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун дивиденддерин которуу жолу аркылуу бюджет кирешесин толтуруу жана менчиктештирүү жаатындагы белгилүү милдеттенмелери бар экендигин белгиледи.
Мындан тышкары Мэлис Мамбетжановго жалпысынан мамлекеттик мүлктүн жана мамлекеттик активдердин тийиштүү эсебин жүргүзүп, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын соңуна карата аталган тапшырманын ишке ашырылышы тууралуу отчет тапшыруусу талап кылынды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү