02

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «SOS Балдар айылы» эл аралык уюмунун өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-декабрда, «SOS Балдар айылы» эл аралык уюмунун президенти Сидхарта Каулду жана Азербайжан Республикасындагы, Израиль Мамлекетиндеги, Казакстан Республикасындагы, Кыргыз Республикасындагы жана Өзбекстан Республикасындагы «SOS Балдар айылы» эл аралык уюмунун өкүлү Зденко Седларды кабыл алды. Жолугушуу дүйнөнүн 134 мамлекетинде иштеген «SOS Балдар айылы» Коомдук фондунун 20 жылдыгына байланыштуу өттү. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «SOS Балдар айылы» Коомдук фондунун 20 жылдыгы менен куттуктап, муктаж балдарга тарбия берүүгө жана көмөк көрсөтүүгө активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди. «Өлкөнүн Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан биздин балдарга көрсөтүлгөн камкордук үчүн ыраазычылык билдирем. Акыркы жылдары Кыргызстанда бир нече долбоорлор иш баштаган, бирок «SOS «Кыргызстандагы Балдар айылы» жакшы максаттагы өз ишин өнүктүрүп жана улантып кете алды. Биз мындай демилгелерди колдоого алабыз жана кызматташтыкты чыңдоого даярбыз», – деди Өкмөт башчы. Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт кыйын абалда калган балдардын жашоосун жакшыртуу үчүн колдон келген күч-аракетин жумшоодо, балдарды колдоого багытталган ченемдик-укуктук актылар кабыл алынууда. «Биз Кыргызстанга балдарды тарбиялоого көмөк көрсөтүп жатканыбызга кубанычтуубуз. Буга катар биздин милдетибиз толугу менен аткарыла элек деп эсептейбиз – ата-эненин кароосуз калган муктаж балдарга колдоо көрсөтүүдө алдыда көптөгөн иштерди аткаруу керек», – деп белгиледи «SOS Балдар айылы» эл аралык уюмунун президенти Сидхарта Каул. Ал фостердик мекмелерди түзүү боюнча адистерди окутууга фонд көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Жолугушууда балдарды колдоого алуу үчүн каржылоону жогорулатуу максатында өлкө мыйзамдарын өркүндөтүү, балдарды камкордукка алуу тутумун реформалоо маселелери боюнча пикир алмашуу орун алды. Жолугушуу соңунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков уюмдун 20 жылдыгына байланыштуу «SOS Балдар айылы» эл аралык уюму жана Кыргыз Республикасынын кызматташуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле кыйын абалда калган үй-бүлөдөгү балдарды тарбиялоодогу көмөгү үчүн Сидхарта Каул жана Зденко Седларга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысмы жазылган сааттарды тапшырды. Маалымдама: Кыргызстанда Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында жайгашкан эки «Балдар айылы» иш алып барат. «SOS Балдар айылындагы» тарбия берүү үй шартына жакындаштырылган. [su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү