18
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер көрсөтпөө чечимин кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ош шаарынын мэри кызмат ордуна жеке талапкер көрсөтпөө чечимин кабыл алды.
Белгилүү болгондой, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялар коалициясы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ош шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.
«Мамлекетте демократиялык принциптерди мындан ары өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин өркүндөтүү жана шаардык депутаттардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле ачык-айкын шайлоону өткөрүү максатында шаардын мэри кызматына талапкерди көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алдым. Шаардык кеңештин депутаттары шайлоочулардын мүдөөсүн эске алып, кесипкөй, тажрыйбалуу иш-билги талапкерди тандап, алар биргеликте шаар жана шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн иштейт деп үмүттөнөм”, - деп айтылат Премьер-министрдин Ош шаардык кеңешинин депутаттарына кайрылуусунда.
Мындан тышкары Өкмөт башчы шаардык кеңеш депутаттары аймактык шайлоо комиссиясы менен биргеликте Ош шаарынын мэрин шайлоо процессин жогорку деңгээлде жана мыйзам чегинде өткөрүүсүнө ишеним билдирет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү