06

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун алыскы райондорундагы эки орто мектептин ачылыш салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда, Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Алай районунун Сары-Могол айылындагы Х.Алимсеитов атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Премьер-министр өлкө Президенти Алмазбек Атамбаевдин жана жеке өзүнүн атынан мектептин педагогикалык жамаатын, окуучуларды жана ата-энелерди өлкөнүн алыскы аймагындагы мектептин ачылышы менен куттуктады.

Мектеп Сары-Могол айылында жайгашкан, ал район борборунан 140 км чакырымда, деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте орун алган.

Өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мамлекет өлкөнүн алыскы тоолуу аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда жана мындан ары бул багытта ишин улантат.

«Бул жергиликтүү тургундар жагымдуу шартта жашап-иштөөсү үчүн зарыл.  Биздин милдет – жер-жерлердеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жана адамдардын жакшы жашоосу үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыз кылуу, тактап айтканда, социалдык объектилерди жана мектептерди куруу болуп саналат. Билим берүү тармагын колдоого алуу – бул өлкөнү өнүгүүгө алып бара турган туура жол болуп эсептелет. Билимдүү муунсуз Кыргызстандын келечеги жок, ошондуктан билим берүү тармагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Билим берүү тармагына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жылдан жылга көбөйүүдө. Алсак, 2012-жылы билим берүүгө 21,6 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2016-жылы бул сумма 28,2 млрд сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми 2017-жылы билим берүү тармагын каржылоо мектептердин курулушуна каралган каражаттарды эске албаганда, 2016-жылга салыштырмалуу 2 млрд сомго жогорулатылат», - деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, мурункудай эле республикалык бюджет социалдык багытта. Бюджеттин 50% ашуун каражаты билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоого жумшалат.

Ал белгилегендей, билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн конкреттүү кадамдары жана чаралары мамлекет башчы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик жана ишеним» Программасында чагылдырылган.

Сооронбай Жээнбеков бул жаркыраган мектепте тырышчаактык менен билим алган, өлкөбүздүн өсүп өнүгүшүнө чоң салым кошо турган, эл журтунун керегине жараган, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган, билимдүү, патриот, мыкты инсандар өсүп чыгаарына ишеним билдирди.

Премьер-министр оор шарттарга карабастан, тынымсыз иштеп, билим берүү тутумунун мыкты салттарын сактап калууга салымын кошуп, жаңы муундагы кадрларды өстүрүп жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Сооронбай Жээнбеков жаш адистерге улуу муундун салтын улап, өлкөгө салымын кошчу татыктуу жаштарды өстүрүп чыгууга күч жумшоосун каалады.

Иш-чаранын соңунда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мектептин жетекчилигине эки телевизор алууга сертификат тапшырды.

Андан соң Премьер-министр Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Билим берүү мекемеси 225 окуучуга эсептелген, долбоордун сметалык наркы 61 млн 831 миң сомду түзөт.

Премьер-министр окуучуларга кайрылып, алар билим алууга умтулуп, келечекте өлкө өнүгүүсүнө салым кошчу жарандардан болуусун каалады.

КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовдун маалыматына ылайык, 2016-жылы 80 жаңы орто билим берүү мекемеси ишке берилет, Ош облусу боюнча быйылкы жылы мурда пландаштырылган 28 мектептин курулушу жыйынтыкталмакчы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү