20

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мектептин ачылыш салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылындагы жаңы типтеги мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, жыл сайын билим берүү тармагын каржылоо жогорулатылууда.  Тактап айтканда, 2017-жылы билим берүү тармагын каржылоо 36 млрд сомго дейре жогорулатылат, ал эми 2010-жылы бул сумма 12 млрд сомду түзгөн. Мында мектептердин курулушуна каралган каражаттар эсепке алынбаган сумма келтирилүүдө.

Сооронбай Жээнбеков мугалимдер жамаатын жана окуучуларды куттуктоо менен мектептер бардык аймактарда курулуп жаткандыгын жана бул багыттагы иштер улантылаарын билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында билим берүү тармагы артыкчылыктуу тармак катары белгиленген.

«Акыркы беш жыл ичинде өлкөдө жолдор, ирригациялык каналдар активдүү курулууда, мамлекет өлкөнүн бийик тоолуу аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда, жыл сайын 100 жакын билим берүү объектиси ишке берилүүдө. Биз жумшалган каражаттар келечекте акталаарына ишенебиз. Анткени бул келечекке карата инвестиция, ал биздин мамлекетти көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча алга сүрөйт. Биз билимдүү жаштарсыз күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ошондуктан билим берүү тармагы мамлекеттик саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат», - деди Премьер-министр.

Өкмөттүн атынан мектептин компьютердик классына компьютердик жабдуулар жана телевизор берилди.

Эки кабаттуу мектептин курулушу 2014-жылы башталып, 225 окуучуга ылайыкталган. Долбоордун сметалык наркы 25 млн сомду түзөт.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы Э.Гапаров атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жаңы типтеги мектеп «Жерүй» ишканасынын каражатына 100 билим берүү объектисин куруу долбоорунун тизимине кирген.

Аталган билим берүү мекемесинин курулуш иши 2014-жылы башталып, 275 балага ылайыкталган. Жалпы сметалык наркы – 52 млн сом. Курулуш иштерин аягына чыгарууга дагы 7 млн сом керектелет.

Азыр балдар мектептин эски имаратында билим алууда, мекеменин биринчи имараты 1914-жылы курулган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылга пландалган мектептердин курулушу жыйынтыкталаарын, ал эми 2017-жылы мөөнөтү создуктурулган социалдык объекттерге басым жасаларын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү