24

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы орто мектептин ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Араван районунун Жеке-Мисте айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышты.

Өкмөт башчысы, жыл өткөн сайын билим берүү тармагына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын көлөмү артып жатканын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин 19,2% ушул секторго багытталган. Эгерде 2010-жылы билим берүүгө 12 млрд сом бөлүнсө, 2016-жылы – бул сумма 28,2 млрд сомго чейин өсүп жакшы көрсөткүчкө ээ болду.

«Бөлүнгөн каражат биринчи кезекте жаңы мектептерди курууга, окуу китептери менен камсыздоого, педагогикалык кадрларды толуктоого жана компьютердик жабдуулар менен камсыз кылууга багытталган. Бул жылы өлкөнүн Өкмөтү 105 мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүп, мындан сырткары 105 мектептин сексени 2016-жылдын аягына чейин ишке берилет. Өлкөнүн Президенти Алмазбек Атамбаев айткандай, 2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда бир дагы авариялык абалдагы мектеп болбойт. Билим берүү тармагына кошуп жаткан салымыбыз, келечекте сөзсүз жемишин берет деп ишенем. Аны менен катар мындай мектептер жогорку билимдүү күчтүү балдарды даярдап, тартиптүү жана интелегенттүү муунду өстүрөрүнө  ишенем», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей – Жеке-Мисте – Араван районунун чек ара аймагында турган стратегиялык аймак болуп саналат.

«Чек араларды бекемдөө, чектеш аймактарды өнүктүрүү, ар бир мамлекет үчүн улукттук коопсуздукту жана аймактык бүтүмдүктү сактоодо негизги түзүм болуп эсептелет. Өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын бири аймактрады өнүктүрүү, аны менен катар чектеш жерде жайгашкан айылдарга колдоо көрсөтүү болуп саналат», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы өз өмүрүн алгылыктуу ишке – келечек муундарды тарбиялоого арнаган бардык окутуучулар жамаатына ийгилик каалады.

Сооронбай Жээнбеков ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн экономикасына салым кошкон чыгаан инсандардан болуп чоңоёруна ишеним артаарын билдирди.

Премьер-министр жакын арада Кыргыз Республикасында өзгөчө статуска ээ болгон алыскы аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабы иштелип чыгарын эскертти. Бул аймактардын өнүгүүсүнө жакшы шарт түзөт.

Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун берип, акыркы жылдары Кыргызстан өнүгүү жолуна багыт алганын, азыр анын алгачкы жыйынтыктары көрүнө баштаганын билдирди.

[su_carousel source="media: 87568,87569,87570,87571,87572,87573,87574,87576,87577,87578,87579,87580,87581,87582,87583,87584"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү