24
Январь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты.
Коллегиялык жыйын 2017-жылдын 16-январында «Дачи СУ» айылындагы «Боинг – 747» авиакырсыгынын натыйжасында каза болгондорду эскерүү менен башталды.
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Туруспек Султаналиев 2016-жылдагы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2017-жылга планы, облустагы жазгы-талаа жумуштарына даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 2016-жылы кыйынчылыктарга карабастан, Өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту сактап калып, ИДПны 3,8 %га өсүшүн камсыз кыла алды.
Анын айтымында, 2017-жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи 2,9%дык деңгээлде болжолдонууда жана ага айыл чарбасы, тейлөө жана курулуш тармактарынын темпин жогорулатуу эсебинен жетишүү максаты коюлууда.
Чүй облусу боюнча регионалдык дүң продукциянын өсүшү 3,4%дык деңгээлде болжолдонууда.
Буга байланыштуу Өкмөт башчы аймактардагы бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Текстилдик-тигүү өндүрүшү үчүн “Технополис” долбоорун ишке ашыруу үчүн Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагынан жер участкасын бөлүп берүүнү тездетүү, “Токмок иштиктүү мунайды кайра иштетүүчү заводун” долбоордук кубаттуулукка чыгаруу зарыл. Ошондой эле Токмок шаарындагы тигүү өндүрүшү боюнча “Текстиль Транс” кубаттуулугун өздөштүрүү жана башка токтоп турган ишканаларга инвестицияларды тартууга жардам көрсөтүү зарыл», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Ошондой эле ал бизнести жүргүзүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү зарылдыгына токтолду.
«Ыйгарым укуктуу органдардан башка укук коргоо органдары ишкердик субъекттерди текшерүү жана бизнестин ишине кийлигишүүнү токтотуусу зарыл», - деп белгиледи Премьер-министр.
Сооронбай Жээнбеков маалымдагандай, Биздин өлкөдө ЕАЭБдин мүмкүндүктөрүн жана толук потенциалын пайдалануу жана экспортту көбөйтүү максатында Өкмөт тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрү менен ветеринардык көзөмөлдүн эквиваленттик системасын камсыз кылуу, кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алып салуу, артыкчылыктуу секторлор боюнча Кыргызстан үчүн товарлардын бирдиктүү тизмесин кеңейтүү, ЕАЭБ рыногуна курулуш компанияларынын чыгышы үчүн шарттарды түзүү пландаштырылууда. Өз кезегинде бул тышкы чек аралар боюнча өткөрмө пункттарды модернизациялоону улантууда ЕАЭБ биздин чек аралардын жалпы коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Буга байланыштуу Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана райондук администрациялардын башчылары бардык экспортко багытталган ишканаларды тактап чыгуусу жана Экономика министрлиги менен макулдашуу боюнча ЕАЭБге жана үчүнчү өлкөлөргө экспортко чыгуучу продукцияларды көбөйтүүгө жардам берүү боюнча планды иштеп чыгуусу тапшырылды.
«Мындан сырткары, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген насыяларды алуусуна, айыл чарба техникаларынын лизинги боюнча, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын колдоо боюнча жана мал союучу цехтерди куруу боюнча фермерлерге кеңештерди берип туруу керек. Агротехникалык тейлөө жана айыл чарба техникаларын кармап туруу борборлорун түзүү боюнча иштерди тездетүү зарыл. Ошондой эле жазгы-талаа жумуштары башталганга чейин фермердик жана дыйкан чарбаларынын арасында 2017-жылы өстүрүлүүчү айыл чарба продукцияларын пландаштыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети турат», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Ал белгилегендей, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча облуста жергиликтүү бюджеттин планы 105,1%га аткарылган. Бирок эки гана район (Панфилов жана Сокулук) республикалык бюджетти толтуруу планын аткарышкан. Республикалык бюджет облус боюнча 93,4%га гана аткарылган.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар мамлекеттик салык кызматына жардам берип, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү толтурууну бирге камсыз кылуусу зарыл. Мамлекеттик салык кызматы райондук администрациялардын башчылары менен бирге 2017-жылдын планын аткарууну камсыз кылсын. Бул маселе катуу көзөмөлгө алынат. Өкмөт салык кызматынын жетекчилери менен катар райондун акимдерине да тийиштүү чараларды көрөт», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр белгилегендей, бул маселе республикалык бюджеттен айыл аймактарын дотациядан чыгарууга түздөн-түз таасирин тийгизет.
Облус боюнча 105 айыл өкмөтүнүн ичинен 67си дотацияда отурат. Бул жалпысынан 64%ды түзөт. Бул жылга 7 айыл аймагын дотациядан чыгаруу пландаштырылууда.
Өкмөт башчы дотацияда турган айыл өкмөттөрүнүн жагдайларына талдоо жүргүзүүнү жана облустун бюджеттик камсыздуулугун эффективдүү теңдештирүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, калктын бакубат жашоосун жогорулатуу аймактын экономикалык жана финансылык потенциалын жакшыртуу – жергиликтүү бийлик органдарында иштеген – сиздерден, ошондой эле кызматкерлердин кесиптүүлүгүнөн, компетенттүүлүгүнөн көз каранды.
«Өкмөт тигил же бул маселени чечүүгө жардам берет. Бирок демилге дайыма сиздер тараптан болушу керек. Тийиштүү министрлик жана ведомстволор менен түздөн-түз иштешкиле. Облустук структуралар менен ар түрдүү мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөткүлө. Эл менен дайыма жакындан тыгыз иштөө керек», - деп белгиледи Өкмөт башчы.
Жыйындын соңунда бюджеттин киреше бөлүгүн толук кандуу аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик салык кызматынын Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Кемин, Москва Чүй районунун жана Токмок шаарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине сөгүш берилди.
Ошондой эле Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Самирдин Жумашевге районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырды.
[su_carousel source="media: 88775,88776,88777,88778,88779,88780,88781,88782,88783,88784,88785,88786,88787"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү