07

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы курулуп бүтө элек социалдык объектилерди көзөмөлдөп, калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштин жыйынтыктары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-декабрда, Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында аймактагы курулуп бүтө элек социалдык объектилерди көзөмөлдөп, калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштин жыйынтыктары менен таанышты.

Тактап айтканда, Өкмөт башчы Ноокен районунун Ынтымак айылына барып, анда 1989-жылдан бери курулушу токтоп турган Т.Анаркулов атындагы № 26-орто мектепти көрдү.

КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовдун маалыматына ылайык, алгачкы долбоор боюнча 844 орунга эсептелген үч кабаттуу имараттын курулушу каралган. Аны жыйынтыктоого болжол менен 44 миллион сом керектелет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ынтымак айылында барак тибиндеги эски мектепте үч сменде окуган мектеп жашындагы 800 ашуун бала бар. Буга байланыштуу алар Сооронбай Жээнбековго жакынкы арада бул мектептин курулушун бүтүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарды мектептин курулушу 2017-жылы бүткөрүлөт деп ишендирип, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовго жана Жалал-Абад облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге аталган обьектинин курулушун жыйынтыктоо үчүн республикалык бюджетке тийиштүү каражатты киргизүү тууралуу так сунушту иштеп чыгып, киргизүүнү тапшырды.

Базар-Коргон районунун Кайырма айылында Премьер-министр бала-бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовдун маалыматына ылайык, аталган бала-бакчанын курулушу өткөн жылдын сентябрь айында башталган.  Жалпы аянты 720 чарчы метрлик объектини 2017-жылы ишке берүү пландаштырылууда.

Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, республика боюнча жалпысынан 1500 ашуун бала-бакча менчиктештирилген, анын 198и өлкө мыйзамдарына ылайык, мамлекетке кайтарылган.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан менчиктештирилген имараттарды артка кайтаруу жана мектепке чейинки жаңы билим берүү мекмелерин куруу боюнча иштер улантылат деп ишендирип кетти.

«Келерки жылдын соңуна дейре биз өлкө боюнча курулушу жыйынтыкталбаган социалдык объектилерди жана авариялык мектептерди реконструкциялоону бүткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Натыйжада, техникалык талаптарга жооп бербеген мектептерди жоебуз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Андан соң Премьер-министр 2008-жылы курулуп баштаган Ноокен районунун Масы айылындагы Спорт сарайынын имаратын көрүп чыкты.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдиргендей, объектинин курулушу эки блок боюнча жүргүзүлүүдө жана мында спортук иш-чаралардын бардык түрүн өткөрүүгө мүмкүндүктөр каралган.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган Спорт сарайы бүткөрүлсө, ал аймактагы гана эмес, жалпы өлкө боюнча мыкты имаратка айланат. Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, мындай спорт комплекстеринин курулушу республиканын бардык райондорунда жүргүзүлүшү керек жана ал тез арада бүткөрүлүшү кажет.

Премьер-министр Базар-Коргон районунун Карача айылындагы «Таза суу» программасынын алкагында калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер менен таанышты.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Таалайбек Долдоевдин маалыматында, үстүбүздөгү жылы Базар-Коргон айылдык аймагына Азия өнүктүрүү банкы тарабынан канализациялык тутумдарды жаңыртууга 4,8 млн АКШ доллары бөлүнгөн.

Аталган долбоордун алкагында Карача айылында сыйымдуулугу 1000 куб, секундуна 96 литр сууну иштеп чыга турган эки суу тосмо курулат. Муну менен 40000 киши таза суу менен камсыздалат.

Эне-Сай жаңы конушундагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында 3905 суу түтүктөрү монтаждалып, 36 кудук жана 18 өрт өчүрүүчү гидранттар орнотулду.

Ошондой эле жергиликтүү райондук администрация жетекчилигинин билдиришинче, Базар-Коргон, Бабур жана Ак-Тайлак жаңы конуштарындагы  14 көчөнүн түтүктөрү толук алмаштырылып, 14 чакырым суу өтүүчү трубалар оңдоодон өткөрүлдү.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республиканын бардык аймактарына таза суу жеткирүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, аталган программанын алкагында калкты таза суу менен камсыздоону кеңейтүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн  социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда жер-жерлерде түз инвестиция тартууга өз алдынча аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө бурду. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, бул өлкөнүн аймактарындагы жетекчилердин ишмердүүлүгүн аныктоодогу негизги критерийлердин бири болуп саналат.

Ошондой эле Премьер-министр Ноокен районундагы «Майлуу-Суу» плотинасын көрдү.

Айыл чарба,тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, аталган плотина жалпы аянты 3700 гектар болгон Бүргөндү, Момбеков жана Ноокен айыл аймактарын сугат суу менен камсыз кылат.

Ошондой эле өзгөчө абалдардын алдын алуу максатында жалпы суммасы 15 млн сомдук авариялык абалдагы курулуштарды жүргүзүү зарыл.

Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон райондорундагы жыйынтыкталбаган социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көзөмөлдөп чыгуунун натыйжасында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовго жана Жалал-Абад облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге аталган обьектинин курулушун жыйынтыктоо үчүн республикалык бюджетке тийиштүү каражатты киргизүү тууралуу конкреттүү сунушту иштеп чыгып, Өкмөткө киргизүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 86334,86333,86332,86331,86330,86329,86328,86327,86326,86325,86324,86323,86322,86321,86320,86319,86318,86317,86369,86374,86373,86372,86371,86370,86375,86376,86377,86378,86379,86380"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү