09

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 9-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйында эл аралык байланышты жакшыртуу, жергиликтүү деңгээлде, өзгөчө айыл жергесиндеги жана алыскы райондордогу оптико-волокондук каналдарды жогорулатуу жолу аркылуу Кыргызстанда жеткиликтүү баадагы жана ишенимдүү интернет-тейлөөнү киргизүүгө багытталган «Диджитал КАСА. Кыргызстан» (Digital CASA. Kyrgyzstan) аймактык өз-ара аракеттешүү долбоору талкууланды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымдагандай, долбоор өлкөдөгү интернет тейлөөгө карата абоненттердин кескин көбөйүшүнө байланыштуу калкты ылдамдыгы жогору Интернет менен камсыздоого жана Кыргызстандын кеңири тилкелүү Интернетке транзиттик мүмкүндүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

Аталган долбоорду ишке киргизүүдө жаңы жер астындагы кабелдер жана жердеги магистралдык инфраструктуралар аркылуу маалыматтарды жергиликтүү жана глолбалдык деңгээлде берүү жакшырат.

Анын негизги милдети чектеш интернет-каналдардын өткөрүү мүмкүндүгүн жакшыртуу, өлкө жарандары үчүн жеткиликтүү баадагы жана ишенимдүү интернет-тейлөөнү киргизүүгө шарт түзүү, кичи жана орто бизнестин санариптик экономикага жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле санарпитк инновацияларды пайдалануу аркылуу экономиканын маанилүү тармактарында сапаттуу тейлөөнү берүү үчүн фундамент түзүү болуп саналат.

«Аталган долбоор ишенимдүү жана жеткиликтүү аймак аралык интернет-трафикти өнүктүрүү максатында деңизге карай жолу жок өлкөлөрдө транзиттик мүмкүндүктү түзүү боюнча мурдагы демилгелердин тажрыйбасын пайдаланган алгачкы аймактык программа болуп калат», - деп белгиледи Бакыт Шаршембиев.

Долбоор үч негизги компоненттен турат: 1) Телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү компоненти; 2) Санариптик өкмөттү жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча компонент; 3) Ченемдик-укуктук жөнгө салууну институционалдык өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча компонент.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн бул тармакка инвестиция тартуу менен маалыматтык-телекоммуникациялык инфраструктураны жана технологияларды модернизациялоо аркылуу электрондук экономиканы өнүктүрүү маанилүү фактор катары каралат. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, мамлекет тараптан инвестициялоодо негизги милдет катары салынган каражаттын кайтарымдуулугу эсептелет жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине бул маселеге өзгөчө басым жасоону тапшырды.

Талкуулоонун жыйынтыгында Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине донорлор менен сүйлөшүү мүмкүндүгүн берүүчү долбоордун концепциясын жактырышты. Суммасы 20 млн АКШ доллары эсептелген аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

[su_carousel source="media: 86495,86496,86497,86498"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү