13

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жөнгө салуучу реформа боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-декабрда, Жөнгө салуучу реформа боюнча кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт 33 мамлекеттик орган жана бизнес-коомчулук тартылган масштабдуу регулятивдик реформаны ишке ашырууга активдүү киришти. «Реформанын негизги максаты – инвестицияларды тартуу жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүчү мыйзамдык базаны өркүндөтүү, Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жана Президенттин “Саясий жана системалуу коррупцияны четтетүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгында каралган бир катар милдеттерди чечүү. Өкмөт ишкердик чөйрөдөгү мыйзамдарды ревизиялоону жүргүзүп, негизсиз, мыйзамсыз жана кайталануучу ченемдик актыларды четтетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга тийиш», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Өкмөт башчы эскерткендей, реформанын башталышында мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүлгөн. Мындан улам ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын жалпы тизмеси бекитилген. Мындан тышкары, атайын критерийлердин негизинде аларга анализ жүргүзүү жана аларды оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга керектүү административдик жол-жоболордун тизмеси түзүлгөн. «Бул процессте бизнес үчүн “ашыкча” жана “чыгымдуу” жол-жоболорду кыскартуу, коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгаруу, так эрежелерди иштеп чыгуу каралган. Бул ишке бизнес структуралардын өкүлдөрү да тартылган. Алар мамлекеттик органдар сыяктуу эле өз талдоосун жүргүзүшөт жана сунуштарын беришет. Бизнестин пикири биз үчүн өтө маанилүү. Биздин ишкерлер иш жүзүндө бардык кыйынчылыктарга туш келишет», - деп белгиледи Премьер-министр. Өкмөт башчы белгилегендей, Кеңештин мурдагы сунуштары аткарылбай калган учурлар бар жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратовго аталган маселенин куратору катары аны иликтеп, жоопкерчилик жагын кароо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Жыйында ошондой эле ишкердүүлүктү жөнгө салуучу айрым ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү, же аларды жоюуну караган сунуштардын экинчи пакети каралган. Экинчи пакет ишкерлерге болжол менен 655 млн сом үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүчү 304 ченемдик-укуктук актыларды жөнөкөйлөштүрүү жана жоюу боюнча сунуштардан турат. Алардын ичинен 33 ЧУАны жоюу, 28 ЧУАга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана 243үн өзгөртүүсүз калтыруу сунушталат. Сунуштардын айрым бөлүгү курулуш жана агрардык тармакка туура келет. Сунуштарда ЧУАлардагы карама-каршылыктарды жана ар-кыл коррупциялык нормаларды четтетүү, тейлөө көрсөтүүнү электрондук форматка өткөрүү, бизнес үчүн документтерди, анын мөөнөтүн жана процедураларды кыскартуу айтылат. Аталган реформа атамекендик ишкерлер үчүн жана өлкөгө инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Министрлик жана ведомстволорго сунуштарды өз маалында жана сапаттуу аткарууну камсыздоо тапшырылды. Эскертсек, аталган реформа 2014-жылы өлкөнүн Өкмөтү жана ЕККУ Бишкектеги борбору ортосунда кол коюлган «Жөнгө салуунун тутумдук анализи» долбоорун ишке ашыруу боюнча өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.

[su_carousel source="media: 86705,86707,86709,86711,86712,86713,86714"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү