19

Май

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ыйман, адеп жана маданият жылына карата иш чаралардын планынын аткарылышы тууралуу жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, ыйман, адеп жана маданият жылына карата иш чаралардын планынын аткарылышы тууралуу жыйын өткөрдү. Маданият маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков пландын алкагындагы бардык иш чаралар өз убагында ишке ашырылып жатканын маалымдады. Бүгүнкү күндө 32 пункттун 7 толук аткарылып, калганы 2017-жылдык аягына чейин бекитилген план боюнча ишке ашат. Түгөлбай Казаков жылдын алкагындагы пландарды ишке ашырууга жарандык коом менен коомдук бирикмелердин өкүлдөрү активдүү катышып жатканын билдирди. Ал ошондой эле Өкмөт  башчысынын мурда берген тапшырмасына ылайык бардык мамлекеттик органдар тарабынан Ыйман, адеп жана маданият жылына карата пландар иштелип чыгып, иш жүзүнө ашырылууда. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөт тарабынан иш чараларды өткөрүүгө каржы маселеси чечилгенин, буга байланыштуу министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү чараларды ишке ашырууну тапшырды. [su_carousel source="media: 95257,95258,95259,95260" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү