17
Январь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда кичи ГЭстерди өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, өлкөдө кичи ГЭСтерди өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстанда ар тараптуу өнүктүрө турган суу энергетикалык чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Анын айтымында, бул кошумча кубаттуулукту түзүп, электр энегиясын колдонуудадагы күч келүүлөрдү азайтат, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу менен электр энергиясын импорттоонун көлөмү азайып, кошумча жумуш орундары түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев маалымдагандай, азыркы кезде өлкөнүн суу энергетикалык тармагына көптөгөн чет өлкөлүк инвесторлор кызыкдар.
Ал ошондой эле мекеме тарабынан кичи ГЭСтерди курууга укук берген тендер боюнча Жобонун долбоору иштелип чыкканын белгиледи.
«Кичи ГЭСтерди курууга укук алуу тендерин өткөрүүдө ведомство аралык тендердик комиссия түзүү болжолдонууда, анын курамына Жогорку Кеңештин ар-бир фракциясынын, айлана-чөйрө, экологоия жана техникалык коопсуздук, маданий мурастардын короголушуна жоопкер мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана кичи ГЭСтер жайгаштырылчу аймактардын райондук администрация өкүлдөрү кирет», - деди Дүйшөнбек Зилалиев.
Анын айтымында, аталган комиссия кичи ГЭС куруу тармагына байланышкан маселелердин кеңири тармагын карайт. Ошондой эле долбоордун жобосунда тендерди өткөрүү тарптиби, сунуштарды тандоонун талаптары жана жеңүүчүнү аныктоо каралган.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков энергетика, жер пайдалануу жана инветиция тартуу тармагындагы мыйзам базасынын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Буга байланыштуу, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине чакан ГЭС жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өркүндөтүү максатында, ченемдик укуктук базаны тездетүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
Юстиция министрлигине суу фондунун жерлерин жана КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген тизмеге ылайык жер тилкелерин берүүгө мораторий киргизүүнү караган ченемдик-укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгып, тизмеде көрсөтүлгөн тилкелерде чакан ГЭСтерди курууга укук алуучу тендерди өткөрүүгө чейин тийиштүү тартипте киргизүүсүн жана жер бөлүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү маселесин иштеп чыгуусун тапшырды.
Ошондой эле жер тилкелеринин максаттуу пайдаланылышын текшерүү иретинде Мамлекеттик каттоо кызматына энергетикалык курулуштар үчүн бөлүнгөн жерлерди инвентаризациялоосу тапшырылды.
[su_carousel source="media: 88464,88465,88466,88467,88468,88469"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү