03

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосуна коркунуч туудурган виртуалдык оюндардын интернет мейкиндикте жайылтылышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда, балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосуна коркунуч туудурган виртуалдык оюндардын интернет мейкиндикте жайылтылышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы алдын алуу чараларын күчтөндүрүү, анын катарында ата-энелер жана балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков бардык тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомчулуктун, ата-энелердин аталган оюндардын жайылтылышына жол бербөө үчүн күч-аракетин бириктирүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, өлкө аймактаныда түз байланыштарды уюштурууну тапшырды.

Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча – «111», ал эми Бишкек шаарында «185» түз байланышы иш алып барууда, анда адистер тартылып, квалификациялуу кеңештер берилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев акыркы кездери интернеттен таркатылып жаткан виртуалдык оюндарга өспүрүмдөрдүн тартылуусуна жол бербөө жана аны аныктоо боюнча ведомство тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, Бишкек шаардык мэриясы жана Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте бул багытта активдүү иш жүрүүдө. Социалдык тармактардагы кооптуу жактарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, бүгүнкү күндө бардык райондук жана шаардык башкармалыктар ата-энелер жана балдар менен мектептен тышкаркы иштерди күчөттү. Ата-энелердин балдары катталган Интенет сайттарды көзөмөлдөөсүнө байланыштуу чогулуштар өткөрүлдү. Ошондой эле студенттердин катарынан балдардын психикалык жана физикалык саламаттыгына кооп туудурган компьютердик оюндардын тармактарда жайылтылышына каршы туруучу жаш активисттер тобу түзүлгөн.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова түнкү убакта интернет клубдарды жабуу мүмкүндүгүн кароо демилгеси менен чыкты.

Кеңешме жыйынтыгында Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бир катар тапшырмаларды берди, анын катарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине стационардык компьютерлерде ата-эненин көзөмөлүн орнотуу жана аталган виртуалдык оюндар жайылтылып жаткан сайттарга катталуусуна жол бербөө боюнча инструкция түзүү тапшырмасы берилди.

[su_carousel source="media: 89395,89396,89393,89398,89392,89394,89397" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89392,89393,89394,89395,89396,89397,89398"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү