27

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков автожолдордун учурдагы абалын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде, өлкөнүн автожолдорунун учурдагы абалын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы автожолдордун учурдагы абалын талкулоо учурунда жолдордун абалына, алардын ремонтуна жана курулушуна өлкөнүн Президенти жана Өкмөт тарабынан чоң көңүл бурулуп жатканын, бул максаттарга республикалык бюджеттен ири көлөмдө акча-каражаттар бөлүнүп, мындан сырткары ар кандай донорлордун каражаттары да жумшалып жатканын белгиледи. “Элдин бийликке болгон ишеничи мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана иштин сапатына, ошондой эле автожолдордун курулушунун сапатына көз каранды. Акыркы күндөрү коомчулук тарабынан жаңы салынган жолдор сапатсыз курулгандыгынан улам бузулуп жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришүүдө. Коомчулуктун көңүлү автожолдордун курулушуна бурулган, өзгөчө Балыкчы – Корумду, Маданият – Жалал-Абад, Бишкек – Кара-Балта автожолдоруна дагы”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Подряддык уюмдар жол курулушуна, анын эксплуатацияланышына жана техникалык тейлөөсүнө кепилдик убактысынын мөөнөтү кыска болгондуктан өз ишинде жоопкерчиликти алышпайт. Же практика көрсөткөндөй жолдордогу аң-чөнөктөрдү оңдоо боюнча ишке эң төмөн баа көрсөткөн компания утуп алып, анын ишинин натыйжасы бир жылдык убакытты көтөрө албай, кайра бузулат. Мындан улам Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинен жолдордо аткарылып жаткан иштерди дыкат карап жана көзөмөлдөп, каржы ресурстарынын эффективдүү эмес пайдаланышына мүмкүнчүлүк бербөө керектигин талап кылды. Ошондой эле мекеменин жетекчилигине министрликтеги ишмердүүлүктүн системасын түп тамырынан өзгөртүп, кадр маселесин жакшыртууну тапшырды. Мындан сырткары ири жүк ташуучу унааларга тийиштүү болгон суроолорду чечип, бул маселеде дагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тиешелүү иштерди жүргүзүүсү зарыл. “Жолдорго эң чоң зыянды ири габариттүү унаалар менен жүк ташыгандар алып келүүдө, анткени алар ташылып жаткан жүктүн чыныгы салмагын жашырышат. Аларга жардамчы болгон жана так салмакты жашырууга кызыктар болгон кызматкерлердин айынан жолдор бузулуп, жаңы салынган жолдор жарактан чыгууда. Тийиштүү түзүмдөрдүн ар бир жетекчиси жогоруда айтылган бузууларга жол берсе жеке башы менен жооп берип, жоопкерчиликке тартылат”, - деп Сооронбай Жээнбеков сөзүн жыйынтыктады.

[su_carousel source="media: 93575,93576" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү