05

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экспортту алга жылдыруу, инвесторлорду колдоого алуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамын ишке ашырууда министрликтердин ишин жакшыртуу боюнча кеңешме

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-декабрда, экспортту алга жылдыруу, инвесторлорду колдоого алуу жана «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамды ишке ашырууда министрлик жана ведомстволордун ишин жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту тартуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбеков туризм, курулуш, өнөр жай өндүрүшү жана жеңил өнөр жай тармагындагы ишке ашыруу алдында турган инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир нече жылдар бою аталган долбоорлор алга жылбай тургандыгына басым жасап, Инвестицияларды жана экспортту тартуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбековго ар-бир инвестор менен алар дуушар болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү максатында жеке иш алып барууну тапшырды.

Ошондой эле Өкмөт башчы экспортту алга жылдыруу боюнча ишти күчтөндүрүүнү, экспортко багытталган ишканалардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, каржылоого жеткиликтүүлүгүн жана атаандаштыкка туруштук берүүсүн жакшыртуу менен катар экспорт менен алектенген ишканалардын тизимин түзүүнү тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков өзгөчө көңүлдү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселесине буруп, бул багыттагы ишти активдештирүүнү тапшырды.

«Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, облустардагы өкмөттүн өкүлчүлүктөрүнүн жана акимдердин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк концепциясы боюнча маалыматын жогорулатууга негизги көңүлдү буруу керек, келерки жылы бардык министрлик, ведомстволор жана облустар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында кеминде бирден долбоор демилгелеши зарыл», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Талкуунун жүрүшүндө атамекендик экспортерлорду колдоо максатында Кытай Эл Республикасында, жана Россия Федерациясында Кыргызстандын расмий соода өкүлчүлүктөрүн түзүү сунушу айтылды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган демилгени колдоого алуу менен алдыдагы милдеттерди ишке ашырууга киришүүнү тапшырды.

Кеңешмеге биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер-министр Олег Панкратов, Экономика министри Арзыбек Кожошев жана Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту тартуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбековдор катышты.

[su_carousel source="media: 86198,86199,86200"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү