11
Март
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын СУАРда турган атамекендик жүк ташуучуларга байланышкан кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын аймагындагы кыргыз жүк ташуучуларынын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов катышты.
Жамшитбек Калилов маалымдагандай, буга чейин министрликке жүк ташуучулардын өкүлдөрү кайрылышып, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районунда бажы пунктунда 100гө жакын жүк ташуу каражаттары турганын, аларды автоунааларынын чиркегичтери жана жарым чиркегичтери брезент менен жабылганына байланыштуу жүктөөгө тыюу салынганын айтышкан.
Кытай тараптан алдын ала эл аралык ташууну жүзөгө ашырууган чиркегичтер жана жарым чиркегичтер брезент менен жабууга тыюу салуу боюнча расмий билдирүү келип түшкөн эмес. Азыркы учурда министрликтин кытай тарапка жолдогон суроосуна жооп келе элек.
Кеңешменин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басарын кырдаалды иликтөө максатында КЭР жөнөтүү, ошондон кийин гана тийиштүү чаралар көрүлөрү тууралуу чечим кабыл алынды.
[su_carousel source="media: 91236,91237" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carouselsource="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү