25

Октябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеңил өнөр жай тармагында технополис түзүү боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-октябрда, өлкөдөгү жеңил өнөр жай тармагында технополис түзүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жакында эле Өкмөт башчысына «Легпром» Ассоциациясынын өкүлдөрү «Тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис» ачуу тууралуу демилге менен кайрылган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү максатында адистештирилген комплекстин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Учурда тигүү жана кездеме өнөр жайы үчүн Технополис ачуу үчүн бир нече өндүрүш тилкелери каралып жатат. Аталган долбоор өндүрүш тармагын ачуу гана эмес, жеңил өнөр жай тармагындагы илимий-технологиялык потенциалды көтөрүү багытын да камтышы керек. Ошондуктан долбоорду ишке ашырууда бул багыттагы жогорку квалификациялуу, тажрыйбалуу адистерге өзгөчө басым жасоо керек», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Бул боюнча вице-премьер-министр Олег Панкратовго жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго тапшырма берилди. Ошондой эле «Легпром»  Ассоциациясы, Премьер-министр белгилегендей ата мекендик жеңил өнөр жай тармагын алдыга жылдырууда генератор болгон, кошумча жумуш орундарын түзгөн мыкты долбоорду ишке ашырууга конкреттүү сунуштарды киргизиши керек.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү