26

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков учурдагы бюджеттин аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков шаршембиде,  26-январда, республикалык бюджеттин жана 2017-жылдын январь айы үчүн киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, 2017-жылдын 25-январына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетти аткаруу планы 87,6% аткарылып, ал эми республикалык бюджет 80,5%га аткарылган.

«Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бажы төлөмдөрү боюнча план учурда 75,0%га аткарылган. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан камсыздоо төлөмдөрү боюнча бюджеттин аткарылышы 80,1% түзгөн», – деп белгиледи Финансы министри Адылбек Касымалиев.

Аталган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин айтымында, январь айына карата план толук көлөмдө аткарылат жана пландык көрсөткүчтөргө жеткирилет.

Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө 2017-жылы мамлекеттик бюдетке кошумча түшүүлөрдү камсыздоо боюнча Иш-чаралар планы каралды. Планга ылайык, дагы кошумча 8 млрд сомго жакын сумманы чогултуу күтүлүүдө.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков министрлик жана ведомство жетекчилеринен чыгашаларды оптимизациялоо боюнча деталдык талдоо жүргүзүүнү жана 2017-жылдын 15-февралына дейре мамлекеттик органдарда аталган процессти жыйынтыктоону тапшырды.

[su_carousel source="media: 88905,88906,88907,88908,88909"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү