26
Январь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Боинг-747» авиакырсыгынын кесепетин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-январда, Чүй облусунун Сокулук районундагы Дачи СУ айылындагы «Боинг-747» авиакырсыгынын кесепетин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдор өз ведомстволорунун алкагында кырсык кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин маалыматына ылайык, ооруканада кырсыктан жабыркаган 27 адам дарыланууда, алардын жалпы абалы – канаттандыраарлык. Медициналык мекемелерге авиакеросин жытынан уулангандыгына шектелип түшкөн жактардын диагнозу такталган эмес. Алардын бардыгы тыкыр текшерүүдөн соң үйүнө чыгарылган.
«Семетей» мейманканасында убактылуу жашаган жарандардын балдарына мурда окуган Сокулук районунун «Манас» айылына күн сайын мектепке баруусу үчүн автотранспорт берилген.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, авиакырсыктан келтирилген зыяндын алдын-ала суммасы 186 млн сомдон ашуун каражатты түзөт, зыян көлөмүн эсептөө улантылууда. Бүгүнкү күндө 26 турак-жай жашоого жараксыз деп табылган.
Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бригадалары жана экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциянын өкүлдөрү авиакеросин төгүлгөн жерде тазалоо иш-чарасын өткөрүүдө.
Тактап айтканда, Дачи СУ айылынын 9-линиясында үстүңкү жер кыртышы алынган, атайы реагенттер менен тазаланган жана шагыл-кум төгүлгөн. Учурда бир сутка бою опилка, кум төгүлүп, андан соң таза топурак менен көмүлөт. Тазалоо иштери 28-январда аяктайт. Мында 8 даана атайы инженердик техника жана курамында 50 кишиден турган куткаруучу бригада иш алып барууда.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, учурда учактын калдыктары толугу менен чыгарылган жана таштандылар тазаланууда.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин директору Абдыкалык Рустамов маалымдагандай, абанын курамынын пробасы алынып, натыйжада ал жерде аба таза экендигин көрсөттү.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилерине авиакырсык кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды улантууну, анын ичинде жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жашоого жараксыз болгон турак-жай ээлерин аныктоо, жабыркагандардын так тизмесин түзүүнү тапшырды.
Кезектеги кеңешме жакынкы арада келтирилген зыян суммасы аныкталганда жана жабыркагандардын (турак-жайы талкалангандар) так тизмеси түзүлгөн соң өткөрүлөт.
[su_carousel source="media: 88936,88937,88938,88939,88940,88941"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү