21

Июнь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкер субъектилеринин укуктук жактан корголушу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгы жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жургүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Аталган маселе боюнча КР Башкы прокуратурасынын, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жана  КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын жетекчилери маалымат беришти.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүшембиев маалымдагандай, ведомство аралык иштиктүү топ тарабынан укук коргоо органдары, салык кызмат органдары тарабынан ишкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын субъектилерине карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн, каттоого алуунун жана статистикалык эсепке алуунун тартип эрежелери иштелип чыккан.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаевдин айтымында, ведомство келип түшкөн пикирлерге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган ишмердүүлүгүн текшерүүнүн эки түрүн сунуштайт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин ишкердикти өнүктүрүүгө, укук коргоо жана салык органдарынын ишин иретке келтирүүгө жана ишкерлик субъектилеринин мониторингин ишке ашырууга багытталган жарлыгынын максатын эске салды.

“Текшерүүлөрдү каттоо процедурасынын ыкчамдыгын жана ачыктык механизмин, алдыңкы технологиялардын киргизилишин, анын катарында аларды эсепке алуунун электрондук форматын, текшерүүлөр тууралуу маалыматтын интернетте жарыяланышын камсыздоо зарыл”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкер субъектилеринин ишин укук коргоо жана салык органдары тараптан негизсиз текшерүүдөн коргоо максатында тутумдук укуктук коргоо моделин киргизүү зарылдыгын эскертти.

Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылдын  1-июлуна дейре Өкмөттүн кароосуна Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгы жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жургүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ишке ашырылышы боюнча аракеттер Планынын долбоорунун акыркы вариантын киргизүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү