25

Июнь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Ыйык Орозо Айт майрамы биздин бардык аруу тилектерибизди орундатсын

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда, Бишкек шаарынын Эски аянтындагы майрамдык айт-намазга катышты. Өкмөт башчы Орозо Айт майрамына карата Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуду. Жалпы Кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Орозо Айт майрамын кеңири белгилөө мүмкүнчүлүгү өлкө эгемендик алгандан кийин пайда болгонун белгиледи. «Биз ыйык Рамазан айында орозо кармап, Орозо Айт майрамын белгилөөдө жаратканга чексиз шүгүр айтышыбыз керек. Ыйык Орозо айында биздин өлкөдө элдин биримдигин, ишенимин бекемдеген жаркын маанай жана өзгөчө атмосфера түзүлөт. Ушул ыйык майрам баарыбыздын аруу тилектерибизди орундатсын», - деди Сооронбай Жээнбеков. Ошондой эле Өкмөт башчсы элдин эркиндиги, өлкөнүн биримдиги жана коомдогу тынчтык өлкөнүн баа жеткси байлыгы, аны мындан ары сактоо керектигин айтып, жалпы мекендештерге тынчтык жана бейпилдик каалады.

 [su_carousel source="media: 97812,97813,97814,97815,97816,97817,97818" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Респуббликасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыдоо бөлүмү