22
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Ош-Баткен-Исфана автожолун реабилитациялоо өлкөдөгү транспорттук көз карандысыздыкты бекемдейт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-апрелде, Баткен облусуна жумуш сапары менен барып, автожолдун 75-108 чакырымындагы жакын арада курулуш иштери баштала турган участкасын көрдү.
Өкмөт башчы аталган долбоор приоритеттүү инвестициялык долбоор катары 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясына киргендигин эске салды. «Ош-Баткен-Исфана» автожолун реабилитациялоо транспорттук көз карандысыздыкты бекемдеп, Баткен облусун башка аймактар менен байланыштырууну, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстан менен үзгүлтүксүз траснпорттук байланышты камсыз кылат», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматында долбоордун жалпы суммасы 23 млн. АКШ долларын түзөт. Аталган долбоорду ишке ашыруу Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосунда ишке ашырылат. Жолду куруу иштери ушул жылы башталып, 2020-жылы бүтөрү пландалууда.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, «Ош-Баткен-Исфана» автожолунун 75-108 чакырымындагы курулуш иштери баштала турган участкасын көрүп, курулуш иштерин баштоону тездетүүнү тапшырды. Ал бардык иштерди убагында жана сапаттуу бүткөрүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле жол инфраструктурасын жакшыртуу жана ички жолдорго көңүл буруу тапшырмасы берилди.
Андан соң Өкмөт башчы Ош облусуна барды. Ош шаарында ал Тилеке Баатыр жана Сай-Бою көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 2017-жылдын июль айында бүткөрүлөт.
Ош шаарында Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Эл аралык футбол Федерациясы (ФИФА) тарабынан каржыланган футбол академиясынын жана республикалык бюджеттен каржыланган бокс мектеп-интернатынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков учурда Өкмөт дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү багытында активдүү иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи.
[su_carousel source="media: 93283,93301,93300,93299,93298,93296,93292,93291,93290,93289,93285,93284,93321,93322,93323,93324,93325,93326" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү