18

Август

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-августта, эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна жөнөп кетти.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков  инфраструктуралык жана социалдык обьектилердин курулушу, Араван районундагы логистикалык борбордун иши жана жер-жемиш базасы менен таанышат.

Сапардын алкагында мындан тышкары Кара-Суу районундагы Барак эксклавынан көчүп келген «Беш-Үй» айылынын тургундары менен жолугушуу пландаштырылган. Сооронбай Жээнбеков жаңы конуштун инфрастуктурасын көрүп чыгат.

Ошондой эле ал 2015-жылы жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи айылынын жашоочулары менен жолугушат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү