09
Сентябрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир күндүк жумушчу сапар менен Ысык-Көл облусунда жүрөт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Ысык-Көл облусунда бир күндүк жумушчу сапар менен жүрөт.
Сапар алкагында Өкмөт башчы айыл чарба ишканаларынын жана инфраструктуралык объектилердин иши, ошондой эле социалдык объектилердин абалы жана ички жолдорду оңдоо ишинин жүрүшү менен таанышат.
Жумушчу сапар учурунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев, Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдер коштоп жүрөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү