11
Октябрь
2016
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир күндүк жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков республика боюнча региондорду кыдыруусун улантып, аймактардагы социалдык-экономикалык кырдаал менен жеринде таанышат.
Өкмөт башчы бүгүн, 11-октябрда, бир күндүк жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков айыл-чарба мекемелеринин ишмердүүлүгү, социалдык-инфраструктуралык обьектилердин курулушу жана оңдоп түзөө иши менен таанышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү