22
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна бир күндүк жумушчу сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда, бир күндүк жумушчу сапары менен Талас облусуна барат.
Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Тараз-Талас унаа жолундагы реабилитациялык иштердин жүрүшү, Талас шаарындагы ветеринардык дарт аныктоо аймактык борборунун абалы, малды идентификациялоо боюнча иштин аткарылышы жана Кара-Буура районундагы логистикалык борбордун, ошондой эле фермердик чарбанын иши менен таанышат.
Мындан тышкары Премьер-министр кыргыз-казак чекарасындагы «Чоң-капка» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктуна барат, Кара-Буура районундагы «Сарымсак» каналын реабилитациялоо жана К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын курулуш иши менен таанышмакчы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү