07

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунда жумушчу сапары менен жүрөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-декабрда, Жалал-Абад облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Базар-Коргон жана Ноокен райондорун кыдырып, айыл чарба, билим берүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.

Базар-Коргон районунда Өкмөт башчыга «Таза суу» программасынын алкагында калкты таза суу менен камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берилет. Премьер-министр ошондой эле Кайырма айылындагы бала-бакчанын курулушу жана Базар-Коргон айылындагы жуучу каражаттарды, бут кийим жана картон кагазын чыгаруучу “Сымай-Гыда” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ноокен районунда Сооронбай Жээнбеков “Майлуу-Суу” суу сактагычын жана курулушу 2008-жылы башталган Масы айылындагы спорткомплекстин имаратын көрөт.

Премьер-министр мындан тышкары Масы айылындагы “Рустамбек” фермердик чарбасынын, Бүргөндү айылындагы “Щедрая Долина” айыл чарба кооперативинин иши жана Ынтымак айылындагы кезектеги мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышмакчы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү