26
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунда жумушчу сапар менен жүрөт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде, Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды.
Сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата даярдыктын жүрүшү, тактап айтканда, Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун курулушу менен таанышат.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» Эл аралык аэропортун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышат.
Ысык-Көл облусу боюнча жумушчу сапардын алкагында Өкмөт башчы Кырчын капчыгайына барат, анда Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында спорттук таймаштар жана маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлөт.
Мындан тышкары, Өкмөт башчы Бактуу-Долоноту айылындагы «Газпром» ААК эсебинен каржыланып, «Газпром — балдарга» социалдык долбоорунун алкагында салынып жаткан ден-соолук чыңдоочу комплекстин курулушу менен таанышмакчы.
Белгилесек, Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жумушчу сапарында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов, Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, Ысык-Көл облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаевдер коштоп жүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Маалыматтык камсыздоо бөлүмү