23
Июнь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 23-24-июнунда Баткен жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат.
Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков унаа жолдрунун курулушу жана реконструкцияланышынын жүрүшү, социалдык объектилердин абалы менен таанышат. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар пландаштырылган.
Баткен облусунда Өкмөт башчы «Көк-Талаа – Пүлгөн» унаа жолунун ачылышына катышат.
Ош облусунда Премьер-министр Өзгөн районуна барып, билим берүү тармагынын объектилеринин курулушу менен таанышмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү