21

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-апрелде, жумуш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат.

Өкмөт башчысы жумуш сапарынын алкагында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Актурпак айылындагы Бүргөндү массивиндеги ирригациялык түйүндүн ачылышына катышат.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 чакырымындагы жакын арада курулуш иштери  баштала турган участкасын көрөт.

Ош шаарында  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эл аралык футбол Федерациясы (ФИФА) тарабынан каржыланган футбол академиясынын  жана бокс мектеп-интернатынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышат.

   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү