15

Июнь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна жумушчу сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда, Чүй облусуна жумушчу сапар менен барат.

Өкмөт башчы сапар алкагында Ысык-Ата районундагы томат продукциясын чыгаруучу консервалык заводдун курулушу менен таанышат. Заводдун курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында бүткөрүлүүсү пландаштырылууда. Ишкана продукциясын ички гана эмес,  Россия, Беларусь жана Казакстандын рыногуна чыгарууну да пландаштырууда.  Аталган ишкана ишке киргизилиши менен 240 жумушчу орун түзүлөт.

Премьер-министр ошондой эле Чүй районундагы кездеме чыгаруучу ишкананын курулушу менен таанышмакчы. Мында 150 жумушчу орду түзүлүп, ал 2016-жылдын август айында ишке киргизилиши күтүлүүдө.

Сооронбай Жээнбеков мындан тышкары Кемин районундагы курамында алтын камтыган кенди кайра иштетүү менен алектенген ишканага барат.

Премьер-министрдин иш сапары Чу дайрасы ташкындап каптаган Бишкек-Нарын-Торугарт автожол тилкесин көзөмөлдөө менен жыйынтыкталат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү