20
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймагы боюнча сапарын улантат. Бүгүн, 20-декабрда, Өкмөт башчы бир күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.
Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы айыл чарба жана билим берүү тармагындагы долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышат.
Тоң районунда Сооронбай Жээнбеков Кара-Шара айылындагы спорттук залдын ачылыш салтанатына катышып, Кара-Коо айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышмакчы. Буга катар Премьер-министр Ак-Өлөң айылындагы балык чарбасына барып, айыл чарба техникасы түрүндө инвестиция тартып жаткан долбоорлор менен таанышат.
Жети-Өгүз районунда Өкмөт башчы Жон-Булак айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, Кызыл-Суу айылындагы орто мектептин имаратынын курулушу менен таанышат. Ошондой эле Барскоон айылындагы айыл чарбаны өнүктүрүүдө дыйкандарга колдоо көрсөтүүчү «Барс-s» мунициаппалдык ишканасына жана сүт продукциясын өндүрүүчү «Ак-Жалга» ЖАКка баруусу пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү