01
Июнь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда. 1-2-июнда эки күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.
Жумуш сапарынын биринчи күнүндө Өкмөт башчы Ысык-Көл районундагы Балыкчы-Корумду автожолунун курулуш менен таанышып, аймагына мугалимдерге ден-соолукту чыңдоочу комплекс курула турган «Асыл» пансионатына барат.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылындагы орто мектептин ачылышына катышып, Түп районундагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык лабораторияга барат.
2-июнда Өкмөт башчы Каракол шаарына барып, ички жолдордун абалы менен таанышып, «Ак-Булак» сүттү кайра иштетүүчү ишканын ишмердүүлүгүн көрөт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Пристань-Пржевальск айылындагы жээктерди тосуу иштеринин жүрүшү, суу тундурманын курулушу, ошондой эле Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы суу жээгин бекемдөө иштерин көрөт.
[su_carousel source="media: 96038" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү