15

Июль

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна жумушчу сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июлда, Нарын облусуна жумушчу сапар менен барат.

Жумушчу сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулуш иштери менен таанышат.  Ошондой эле Өкмөт башчы  Нарын облустук ветеринардык дарт аныктоо борборуна жана Ак-Талаа районундагы «Мангел» айыл чарба кооперативине барат.

Мындан тышкары, Премьер-министр Тайлак Баатырдын 220-жылдыгын өткөрүүгө даярдык көрүү алкагында Тайлак Баатырдын күмбөзүн (мавзолейи) калыбына келтирүү иштеринин  жүрүшү менен таанышмакчы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү