06

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Ош облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-апрелде, жумуш сапары менен Ош облусуна барат.

Өкмөт башчысы жумуш сапарынын алкагында «Ош»  эл аралык аэропортундагы жаңы аэровокзалдык комплекстин ачылышына катышып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен «Ош»  эл аралык аэропортундагы көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн жана коопсуздукту камсыз кылуунун сапатын көтөрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрөт.

Премьер-министр ошондой эле Ош аймактын ветеринардык диагностикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып,  Араван-Ак-Буура каналындагы курулуш иштерин көрөт.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү