09

Март

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Талас облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта, бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусуна барат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораториянын ачылышына катышат.

Мындан сырткары, «Тараз-Талас-Суусамыр» автожолунун курулушу, «Арашан» майда кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышып,  Талас облусунун Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү