19
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча жумушчу сапарын улантууда. Өкмөт башчы бүгүн, 19-июлда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунундагы бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү, ошондой эле ички жолдор менен таанышат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек-Ош авто жолунун 133-чакырымындагы тилкенин абалы жана Токтогул шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги асфальттоонун жүрүшү, Көтөрмө айылындагы насостук станциянын курулушу жана Үч-Терек айыл аймагындагы суткалык суу бөлүштүрүү бассейни менен таанышат.
Ал ошондой эле Арал айылындагы Т. Тешебаев атындагы орто мектептин, А. Керимбаев атындагы райондук маданият үйүнүн абалын көрүп, Көтөрмө айылындагы К.Чокоев атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышат. Мындан тышкары Токтогул шаарындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, бактериологиялык лабораториянын абалы менен таанышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо борбору