18

Июнь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Айыл чарбасын сугат суу менен камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу милдети болуп саналат

Премьер-министр КРКыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу суу чарба кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Айыл-чарбасын суу менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу маселелеринин бири. Сиздердин бул жооптуу жана ардактуу ишиңиздер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында жаңы жерлерди өздөштүрүү жана сугат жерлерин мелиоративдик абалын жакшыртуу боюнча учурда мамлекетибизде олуттуу иштер аткарылууда. Сиздердин эмгегиңиздер элибиздин урмат-сыйына татыктуу.

Урматтуу суу чарба кызматкерлери, кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге чың ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

Элибизде дайыма тынчтык, бакубатчылык болсун!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                         С.Ш.Жээнбеков».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү