15

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Сооронбай Жусуев кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон

Сооронбай Жусуев кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон, ал туулган жерге болгон сүйүүсү аркылуу Мекенге ак кызмат өтөөнүн үлгүсүн калтырган», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, акын Сооронбай Жусуевге орнотулган эстеликтин ачылышында.

Залкар калемгер Сооронбай Жусуев элине 70тен ашык китептен турган чыгармачылык мурасын калтырып кетти. Анын 300гө жакын ырларына обон чыгарылып, эл оозуна алынган.

« Сооронбай агабыздын калыстыгын, саясатка аралашпай, эч кимди мактап жазбагандыгын баса белгилейм. Өзүнүн дагы бир сөзүндө ал тигил, же бул сыйлыкты алат элем деп эч кимге чуркабагандыгын, кошомат кылбагандыгын айткан эле. Бирок тынымсыз эмгектин акыбети кайтпай койбойт. Сооронбай агабыздын ак эмгеги дайыма өз убагында жогору бааланып, мамлекеттик бир топ сыйлыктардын ээси болду. Сооронбай Жусуев – Токтогул  Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Кыргызстандын эл агартуусунун мыктысы, Казакстандын кайраткери наамынын ээси, биринчи даражадагы Ата мекендик согуш орденинин, үчүнчү даражадагы Манас орденинин ээси, Александр Фадеев атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлыктын ээси, "Каармандыгы үчүн", "Даңк" медалдарынын, Кыргыз, Украина, Саха-Якут Республикаларынын Жогорку Кеңештеринин Ардак грамоталарынын ээси.  Сооронбай Жусуев – кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири. Ал Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмдун Алтын медалынын ээси, Ош жана Бишкек шаарларынын Ардактуу жараны болгон», - деп эскерди Премьер-министр.

«Элдин баасына арзуу абдан кыйын. Ал эми Сооронбай агабыз көзүнүн тирүүсүндө эле кыргыз элинин кадырман аксакалы катары таанымал болгон. Кадырлуу Сооронбай агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, ыйманы жолдош болсун!  Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

[su_carousel source="media: 86766,86767,86768,86769,86770,86771,86772,86773,86774,86775,86776,86777"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү