23

Июнь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда малдарды идентификациялоонун эффективдүү системасын түзүү-Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири

Кыргызстанда ЕАЭБ  талаптарына жооп бере тургандай, малдарды идентификациялоонун эффективдүү системасын түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири. Бул тууралуу Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июнда, малдарды идентификациялоо боюнча жумушчу жыйында билдирди.

«Бул азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, эпизоотиялык абалды жакшыртууда жана өлкөдөгү мал жандыктарынын ооруларын алдын алуу, анын тарап кетүүсүнө жол бербөөдө ветерианрдык система үчүн маанилүү болуп саналат. Идентификация малдардын кыймылын, аларды эмдөөнү жана малдын ден-соолугун кароону камсыз кылат. Ошондой эле аталган система өлкөдөгү малдардын текшерилбеген ички миграциясын көзөмөлгө алат. малдарды идентификациялоо малдардан алынган азык-түлүктөрдүн атаандаштыкка туруштук берүүсүн жогорулатып, ЕАЭБ рыногуна жана үчүнчү өлкөлөрдө эркин сатылуусуна жол ачат», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Кыргызстанда малдарды идентификациялоонун маанилүүлугүн баса белгиледи. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге калк арасында малдарды идентификациядан өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Бул тармакка каражат жетишээрлик деңгээлде берилип жатканын эске алуу менен, 2017-жылдын аягына чейин иштер толук аягына чыгышы керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветерианрдык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановдун маалыматында бүгүнкү күндө республика боюнча 92% уй каттоодон өтүп, алардын 79% маалыматтык  базага киргизилген.

Ал учурда малдарды идентификациялоо боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын, айрым маселелер боюнча кыйынчылыктар бар экенин билдирди. Ар бир айыл өкмөтү туруктуу негизде иштей турган операторлор менен камсыз кылуусу зарыл.  Анткени чурда бул милдет башка кызматтагы  адистерге жүктөлгөн. Ушул себептен улам, иштер толук түрдө жүрбөй жатат.

«Учурда республика боюнча 134 айыл аймагында интернет жана 23 оператор жетишпейт. Мындан сырткары Кыргызстандагы идентификация боюнча программалык камсыздоону ишке ашырып келаткан франциянын «Адвентиель» компаниясы менен маселени чечүү керек. Маалыматтарды чогултуп базага киргизип жаткан маалда ар кандай катачылыктарга  кетет. Сервер аталган компанияда болгондуктан аларды оңдоо кечиктирилип жатат. Сервердеги келип чыккан  маселелерди чечүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан азыркы тапта бул ишти Кыргызстан тарапка алуу маселеси турат», - деди Калысбек Жумаканов.

Өкмөт башчы малдарды идентификациялоо маселеси өзгөчө көзөмөлдө турганын баса белгиледи. Ал тиешелүү мамлектетик органдарга операторлор үчүн аймактарда штаттык бирдиктерди камсыз кылып, малдарды идентификациялоону маалыматтык базага киргизүү үчүн, айыл аймактарында интернеттин жеткиликтүү болушун камсыз кылууну тапшырды.

[su_carousel source="media: 97734,97735,97736,97737,97738,97739,97740" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү