18
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли 100,4%ды түздү, бул көрсөткүч ЕАЭБ өлкөлөрүндө эң жакшы көрсөткүч болуп саналат
2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли 100,4%ды түздү, бул көрсөткүч ЕАЭБ өлкөлөрүндө эң жакшы көрсөткүч болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракциялардын көпчүлүк коалициясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун кароо учурунда билдирди.
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн 2016-жылдагы башкы милдети – экономикалык өсүштүн динамикасын сактап калуу болгон. Анткени дүйнөлүк экономикадагы жана Кыргызстандын соода өнөктөш өлкөлөрүндөгү терс тенденциялардын республиканын экономикасына таасирин тийгизүү коркунучу бар болчу.
Отчёттук жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 458 млрд. сомду түздү, ал эми реалдуу темптин өсүшү 103,8% болду. Болжол 2,7% болгон. ИДПдагы дефлятор 102,5%дык деңгээлде түзүлдү. Экономикалык өсүш бардык секторлор боюнча камсыз болду. 2016-жылдын биринчи кварталында өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 25%га азайгандыгына карабастан, жылдын аягында Өкмөт бул сектордун 5,2%га өсүшүн камсыз кыла алды.
Өкмөт башчынын айтымында, 2016-жылы 197,1 млрд. сомго айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлгөн. Айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмүнүн көбөйүшү – мал чарбасы боюнча 2,5%га жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк боюнча 3,7%га продукциялардын көп өндүрүлүшү менен шартталган. Бардык өнөктөш өлкөлөр боюнча өз ара соода 2016-жылы кыскарса, ал эми Кыргызстан өз продукциясын экспорттоону 4,4%га көбөйткөн.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, чет өлкөлүк түз инвестициялардын түшүшү 2015-жылга салыштырмалуу 58,4%га төмөндөгөн жана 654,8 млн. АКШ долларын түзгөн. Кыргызстанга 2016-жылы келген инвестициялардын 40% ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвестициялар болгон.
[su_carousel source="media: 92961,92967" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү