18

Май

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу транспорттук көз карандысыздыкты камсыз кылууда мааниси чоң

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты.

Өкмөт башчы жолдун Жумгал районундагы Сары-Камыш айылы аркылуу өткөн бөлүгүн көрдү.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов узундугу 433 км болгон «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушу 2014-жылы башталганын эске салды. Курулуш иштери үч фазага бөлүнгөн.

«Узундугу 154 км болгон жолдун 1-фазасы кытайдын экспорт-импорттук банкы тарабынан берилген 400 млн АКШ доллар насыянын эсебинен бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө Жумгал районунун Арал айылында кытайдын «Чайна Роуд» корпорациясы жолдун 2-фазасындагы долбоорун ишке ашырууда», -деди министр.

Жамшитбек Калилов белгилегендей, асфальт бетодондоо иштери жаңы технология менен жүргүзүүдө.

«Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолу жаңы ыкма менен курулат. Жаңы ыкмаларды колдонуу менен жолду бүтүрүү мөөнөтү 1,5 эсеге тез болуп, жол бардык заманбап талаптарга жооп берет.

Министр белгилегендей, курулуш иштери көрсөтүлгөн графиктен  эрте бүтүп жатат, учурда каржылоо жагынан эч кандай маселе жок.

Өкмөт башчысы жолдун сапаты боюнча катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын баса белгиледи.

«Альтернативдүү жолдун курулушу өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын бекемдөөдө, тышкы жана ички транспорттук байланыштарды жеңилдетүүдө чоң мааниге ээ. Келечекте бул жол экономикалык жактан өнүгүүгө чоң түрткү берет», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр кызматкерлер менен  эмгек шарттары жана курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу пикир алышты. Анда белгиленгендей, учурда эч кандай көйгөй, анын ичинде каржылык көйгөйлөр жок.  Бардык маселелер жеринде чечилүүдө.

Маалымат: Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз – Арал (183-195км) авто жолунун 12-километри 1-фазага киргизилип, асфальтбетондоо иштери толугу менен аяктады. 2- фазага  Арал – Казарман (км 195-291) автожолунун  96-километри киргизилди.

[su_carousel source="media: 95150,95151,95152,95153,95154" limit="60" link="image" title="no"]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү